ҮЛГҮ
Кечирели , ак жол тилеп кайталы,
Капачылык, таарынычты басалы.
Жаңылбаган туяк болбойт, жашоодо,
Өмүр кыска ,конок сымал жашайлы.
Кечирели, жакшы жолго жетели,
Жашыл тоонун ылдам эле этеги.
Кек сактасаң , өмүр бою кыйналып,
Жакшы болбойт, карылыктын жетеги.
Кечирели, мен да сени кечирдим,
Аз болсо да акылыма жетилдим.
Бул турмушта, ачуу менен таттууну,
Бир бериптир, далай күнү эзилдим.
Кечирели, бакыт күндөн тилейли,
Жаркын күндүн тийип турсун илеби.
Аз күнчөлүк, жарыкчылык өмүрдө,
Кел замандаш, сыйлашууга жетели.
Кечирели, залкарлардын кечеки,
Амалдардын жакшысына жетели.
Дили таза, тили таза бололук,
Ар убакта болсун УЛГУ жетеги.
Автор :Марсгүл Абылова
Өлкө: Кыргызстан
Акын, драматург жана ырчы Кыргыз республикасынын Маданияттын мыкты кызматкери, Борбордук Азиянын
Эл
Аралык акыны.

ليست هناك تعليقات:
إرسال تعليق